Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVI -чакырылышынын кезектеги II- сессиясы
2019-жылдын 12-марты № 2/8
Ала-Бука айылына көп кабаттуу турак жайларды куруу учун жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндө
Ала-Бука айылына көп кабаттуу турак жайларды куруу учун жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндө айылдык кеңештин депутаты Ч. Атакозуевтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айылынын Ы.Кулбаев көчөсүнүн түштүк тарабындагы “Жаштык” жамаатындагы 1,5 га жер аянтына көп кабаттуу үйлөрдү курууга уруксат берилсин.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
3. Токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияна жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |