Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVI -чакырылышынын кезектеги II- сессиясы
2019-жылдын 12-марты № 2/9
Ала-Бука райондук Өнүктүрүү фондуна 2019-жылга каратасунушталуучу долбоорлордун тизмесин бекитүү жөнүндө
Ала-Бука райондук Өнүктүрүү фондуна 2019-жылга карата сунушталуучу долбоорлордун тизмесин бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы М. Дооранбек уулунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука райондук Өнүктүрүү фондуна 2019-жылга карата сунушталуучу төмөнкү долбоорлордун тизмеси бекитилсин.
А) “Ала-Бука айылынын борбордун көчөлөрүндө түнкү жарыктандырууну камсыз кылуу” долбоору.
Б) “Нурмолдо паркын калыбына келтирүү, фонтанды кайтадан куруу, тегерегин тосмолоо” долбоору.
В) “С. Ибраимов көчөсүнүн айлампадан Соцфондтун имаратына болгон тилкесинде жөө басуучу жолдорду калыбына келтирүү, жолдун жээктерине темир-бетон арык орнотуу” долбоору.
2. Долбоорлордун архитектуралык-сметалык кагаздарын даярдоо боюнча жумуштарды тез аранын ичинде бүтүрүү жана Өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешине жеткирүү айыл өкмөтүнүн курулуш жана архитектура боюнча башкы адисинин милдетин аткаруучу А. Ажибековко милдеттендирилсин.
7. Токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер агенттигинин wwwgamsumo.gov.kg сайтына жарыяланган кундөн күчүнө кирет.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияна жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |