Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVI -чакырылышынын кезектеги II- сессиясы
2019-жылдын 12-марты № 2/10
Кыргыз Республикасында 2019-жылда өткөрүлүүчү калкты жана турак жайларды каттоого даярдык көрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында 2019-жылда өткөрүлүүчү калк жана турак жайларды каттоого даярдык көрүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Б. Асилбековтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылы өткөрүлүүчү эл жана турак жайларды каттоону уюштурууга даярдыктарды көрүү үчүн жергиликтүү бюджеттин 2512-беренесинен 281700 сом акча каражаты ажыратып берилсин.
2. Каражаттарды максаттуу пайдалануу айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистеринин жекече жоопкерчилигине жүктөлсүн.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
4. Токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияна жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |