Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVI -чакырылышынын кезектеги II- сессиясы
2019-жылдын 12-марты № 2/11
Ала-Бука айылынын С. Ибраимов, М. Мамырбеков,Т. Сартмамбетов көчөлөрүндө акылуу автоунаа токтоочу жайларды уюштурууга уруксат берүү жана алымдардын көлөмүн бекитүү жөнүндө
Ала-Бука айылынын С. Ибраимов, М. Мамырбеков, Т. Сартмамбетов көчөлөрүндө акылуу автоунаа токтоочу жайларды уюштурууга уруксат берүү жана алымдардын көлөмүн бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М. Токтобаевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айылынын С. Ибраимов, М. Мамырбеков, Т. Сартмамбетов көчөлөрүндө акылуу автоунаа токтоочу жайлар уюштурулсун.
2. Алымдардын көлөмү жеңил автоунаалар үчүн 10 сом, жүк ташуучу автоунаалар үчүн 30 сом, соода жүргүзүүлөр үчүн күнүнө 30 сом, же айына 500 сом, таксисттер үчүн айына 200 сом көлөмүндө бекитилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
4. Токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияна жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |