АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVI -чакырылышынын кезектеги III- сессиясы
2019-жылдын 29-марты №3/1
Ала-Бука айылдык кеңешинин кызматтарга дайындалган депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 22-беренесинин 2-пунктуна, ошондой эле аталган мыйзамдын 24-беренесинин 2-пунктуна ылайык Ала-Бука айылдык кеңешинин төрагасы М. Мамырбековтун атына жазган арыздарынын негизинде 2 депутаттын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин ХХVI- чакырылышынын кезексиз III- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айылдык кеңешинин “Ала-Бука техкызмат” муниципалдык ишканасынын жетекчиси кызматына дайындалган А.Максымбековтун жана өз калоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыз жазган Э. Батырбековтардын депутаттык ыйгарым укуктары токтотулсун.
2. 2265 “Кеңеш”, 2267 “Сары-Талаа” шайлоо участкаларында добуш алып, кезекте турган жарандардын кандидатураларын аныктап берүү Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
4. Токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо жана депутаттардын этика маселелери боюнча туруктуу комиссияна жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |