Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVI -чакырылышынын кезектеги II- сессиясы
2019-жылдын 23-апрели № 4/3
“Жеңиш” паркындагы волейбол аянтчасын 1989-жылкы бүтүрүчүлөр тарабынан оңдоого уруксат берүүгө жана калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү жөнүндө
Ала-Бука айылындагы “Жеңиш” парктын ичинде жайгашкан волейбол ойноочу аянтчаны калыбына келтирүү жөнүндө айылдык кеңешин депутаттары А.Саттаров менен А.Рысматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жеңиш” паркында жайгашкан волейбол ойноочу аянтчаны калыбына келтирүү үчүн айыл Өкмөтүнүн бюджетинин 2215-беренесинен 100,0(жүз) миң сом акча каражаты ажыратып берилсин.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
3. Токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрөгасы А.Максымбековго жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |