Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVI -чакырылышынын кезектеги IV- сессиясы
2019-жылдын 23-апрели № 4/4
Достук айылынын “Жаштык” жамаатынын жашоочуларынын электр энергиясы менен камсыздоого көмөк көрсөтүү жөнүндө
Достук айылындагы “Жаштык” жамаатынын тургундарынын электр мамыларын жана зымдарын калыбына келтируу жөнүндө айылдык кеңештин депутаты Э.Атабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жаштык” жамаатынын тургундарынын электр мамыларын жана зымдарын калыбына келтируу үчүн айыл Өкмөтүнүн бюджетинин 3111-беренесинен 70,0(жетмиш) миң сом акча каражаты ажыратып берилсин.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
3. Токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык тармактар маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрөгасы А.Максымбековго жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |