Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVI -чакырылышынын кезектеги V- сессиясы
2019-жылдын 14-майы № 5/1
Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги V сессиясынын Ала-Бука айыл Өкмөтүнүн Ала-Бука айылындагы борбордук көчөлөрүнө 15 тоннадан ашык жүк жүктөлгөн автоунаалардын кыймылына тыюу салуу жөнүндөгү 2018-жылдын 28-сентябрьындагы XXVI чакырылышынын кезектеги VII- сессиясынын №2 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ала-Бука айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А. Саттаровдун Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги V сессиясынын Ала-Бука айыл Өкмөтүнүн Ала-Бука айылындагы борбордук көчөлөрүнө 15 тоннадан ашык жүк жүктөлгөн авто унаалардын кыймылына тыюу салуу жөнүндөгү 28-сентябрь 2018-ж. XXVI чакырылышынын кезектеги 7- сессиясынын №2 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө тушундурмосун, Ала-Бука райондук жол коопсуздугу боюнча болумунун башчысы А.Таировдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ала-Бука айыл Окмотунун муниципиалдык жолдорунун сапатынын сакталышын,жол коопсудугун алдын алуу Ала-Бука айылдык кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезексиз V- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука айыл Өкмөтүнүн Ала-Бука айылынын С. Ибраимов көчөсүнөн Кулбаев көчөсүнүн кошулган жерден С. Ибраимов көчөсөнүн Токтогул (соц фонддун имаратынын тушу) көчөлөрунүн кесилишкен жерге чейин 5 тоннадан ашык жүк жүктөлгөн автоунаалардын кыймылына тыюу салынсын.
2. Мамырбеков көчөсүнөн Т. Сартманбетов көчөсүнө кошулган жерден (аймактын оруукана) Райондук салык кызматынын имараты жайгашкан жерге чейин Дүйшембиева көчөлөрүнө 10 тоннадан ашык жүк ташуучу авто унаалар эрте менен саат 6-00дон кечки саат 20-00 чейин кыймылына чектөө коюлсун.
3. Токтомдун аткарылышы Ала-Бука райондук жол коопуздугу боюнча бөлум башчысына А. Таировко милдеттендирилсин. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук жана укук маселелери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Мамырбеков |