Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-майы № 5/2
“Водохранилище-Шекафтар-Пап” автомобиль жолунун курулушун Ала-Бука өнүктүрүү фондунун эсебинен каржылоого каршы пикир билдируу жөнүндө
Ала-Бука айылдык кеңешинин төрагасы М.Мамырбековтун Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2019-жылдын 29-мартындагы №09-11/2283 катында келтирилген “Водохранилище-Шекафтар-Пап” автомобиль жолун Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен каржылоо жөнундөгү маалыматты угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезексиз V- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Водохранилище-Шекафтар-Пап” автомобиль жолу Кыргыз Республикасын транспорт жана жол министрлигинин балансында болгондугуна, ошондой эле 2019-жылы аткарууга даярдалып жаткан долбоорлор элдин эң артыкчылыктуу деп табылган көйгөйлөрүн чечүүгө каратылгандыгына жана бул көйгөйлөрдүн артыкчылыгы жер-жерлерде өткөрүлгөн чогулуштарда аныкталып, айыл өкмөттөрүнүн 2019-жыл ичинде аткарылуучу пландарына киргизилгендигине, ал эми пландар болсо айылдык кеңештердин сессияларында талкууланып бекитилгендигине, ошондуктан бул долбоорлор райондук Өнүктүрүү фондусу тарабынан каралып колдоого алынууга тийиш экендигине байланыштуу Кыргыз Республикасын Транспорт жана жол министрлиги тарабынан коюлган талаптарды аткаруу мүмкүнчүлүгү жок экендиги билдирилсин.
2. Жергиликтүү калктын арасында бийлик органдарына ишенбөөчүлүктүн келип чыгуусунун алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2019-жылдын 29-мартындагы №09-11/2283 катында келтирилген “Водохранилище-Шекафтар-Пап” автомобиль жолун Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен каржылоо жөнундөгү сунушуна каршылык билдирилсин.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
4. Токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өндуруштук транспорт, коммуникация, тазалык жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Рысматовго жүктөлсүн.
Төрага | М.Мамырбеков |