Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI чакырылышынын кезектеги
2019-жылдын 14-майы № 5/3
Жер аянтын балдар бакчасы үчүн муниципалдык мүлк катары сатып алуу жөнүндө
Жогорудагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Иманбековдун муниципалдык мүлккө Сапалак айылына балдар бакчасы үчүн сатып алуу боюнча муниципалдык комиссиясынын 3700000 сомго татыктуу деп баалаган баасын бекитип берүү жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкулап Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү 15.03.2002-жылдагы №37 Мыйзамынын 2-беренесинин 2-пунктынын жана 5-беренесинин 3-абзацынын негизинде Ала-Бука айылдык кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезексиз V- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн муниципалдык мүлктөрүн сатуу, сатып алуу, ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө боюнча муниципалдык комиссиясы тарабынан Рыскулов Асанбайдын үйүн 0.60 га жери менен балдар бакчасы үчүн муниципалдык мүлк катары сатып алуу баасы 3.700000 сомго баалаган наркы бекитилсин.
2. Бекитилген мүлктүн суммасы мүлк ээсинин эсебине которууга маакулдук берилсин
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө айыл өкмөтүнүн башчысы Дооранбек уулу Мунарбекке жүктөлсүн.
Төрага | М.Мамырбеков |