АК-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын 5-cессиясы
2017-жылдын 11-марты № 5/1
Ак-Там айылдык аймагында малдарды идентификациялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жаныбарларды идентификациялоо” Мыйзамын ишке ашыруу максатында А.Иманалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Там айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл аймагындагы малдарды идентификациялоо А.Иманалиевге жана комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
2. Айыл аймактагы ар бир кара малга биркасына 40 сомдон кызмат баасы 30 сомдон калктан акы алып ветеринардык кызмат көрсөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Там айылдык кеңешинин депутаттарына жүктөлсүн.
4. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
Төрага | С.Досалиев |