Редакцияот 11.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын 5-cессиясы

2017-жылдын 11-марты № 5/3

Ак-Там айылдык аймагынын айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилинде гана кабыл алуу жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 26-беренесинин I-I пунктуна ылайык, Ак-Там айылдык аймагынын айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине таянып, Ак- Там айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 5-cессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Ак-Там айылдык аймагынын айылдык кеңешинин токтомдору мамлекеттик (кыргызча) тилинде гана кабыл алынсын.

2. Аталган токтом Ала-Бука райондук “Айыл акыйкаты “ гезитине расмий түрдө жарыялансын жана жарыяланган күндөн баштап иш жүзүнө ашырылсын.

3. Аталган токтомдун расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Там айылдык аймагынын тил комиссиясына милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Там айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Дуулатов Нуралыга жүктөлсун.

5. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.

 

Төрага

С.Досалиев