Загрузка документа…
АК-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын 5-cессиясы
2018-жылдын 05-февралы № 8/1
Ак-Там айыл аймагынын ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу Х.Көчөрбаевдин 2018-жылга айылдык округунун бюджетинин жана атайын төлөм каражатынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө
Ак-Там айыл аймагынын ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу Х.Көчөрбаевдин 2018-жылга айылдык аймагынын бюджетинин жана атайын төлөм каражатынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүн сметасын бекитүү максатында Ак- Там айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 8- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Там айыл аймагынын 2018-жылга бюджетинин жана атайын төлөм каражатынынкиреше жана чыгаша бөлүктөрүн сметасы статьялар жана тармактар боюнча тиркемеге ылайык кабыл алынсын.
2. Айыл аймагынын бюджетинин 2018-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүн сметасы 11274,4 миң сом, атайын төлөм каражатынын 2018-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүн сметасы 1400,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Там айылдык округунун ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу Х.Көчөрбаевге жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджеттик комиссиясына жана айыл аймагынын башчысы М.Камчыбековго тапшырылсын.
5. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
Төрага | С.Досалиев |