Загрузка документа…
АК-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын 9-cессиясы
2018-жылдын 17-февралы № 9/1
Ак-Там айылдык аймагындагы там арка салыгынын мезгилин белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 342- статьясынын 2-бөлүгүнүн негизине таянып там арка салыгынын төлөө убагын кароо жөнүндө Ак-Там айыл өкмөтүнүн салык инспектору К.Дүйшебаевдин маалыматын угуп жана талкууга алып, Ак-Там айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 9-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жогорудагы белгиленген там арка салыгын төлөө мезгилин ушул жылдын 29-ноябрына чейин төлөө белгиленсин.
2. Суу түтүгүн тартууда атайын күчөтүүчү насосторду коюуну жана жеке менчик короолорго бак кылуу үчүн тартып алууну көзөмөлдөө жайыт комитетине жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Там айылдык салык бөлүмүнүн башчысы К. Дүйшебаевге жүктөлсүн.
4. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
Төрага | С.Досалиев |