Загрузка документа…
АК-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын 9-cессиясы
2018-жылдын 17-февралы № 9/2
Ак-Там айыл аймагынын ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу Х.Көчөрбаевдин 2018-жылдын 1-январына карата эсептик счетто калган айылдык округунун бюджетиндеги жана атайын төлөм каражатындагы калдык суммаларды бекитүү жөнүндө
Ак-Там айыл аймагынын ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу Х.Көчөрбаевдин 2018-жылдын 1-январына карата эсептик счетто калган айылдык аймагынын бюджетиндеги жана атайын төлөм каражатындагы калдык суммаларын статьялар жана тармактар боюнча бекитүү максатында Ак- Там айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 9-cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Там айыл аймагынын ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу Х.Көчөрбаевдин 2018-жылдын 1-январына карата эсептик счетто калган айылдык аймагынын бюджетиндеги жана атайын төлөм каражатындагы калдык суммаларын статьялар жана тармактар боюнча билдирүүсү эске алынсын.
2. Айыл аймагынын бюджетинин 2018-жыл 1-январга карата калган калдык 2144,9 миң сом жана атайын төлөм каражатындагы калдык 926,8 миң сом суммалары статьялар жана тармактар боюнча бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Там айылдык округунун ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучусу Х.Көчөрбаевге жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджеттик комиссиясына жана айыл аймагынын башчысМ.Камчыбековго тапшырылсын.
5. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
Төрага | С.Досалиев |