Загрузка документа…
АК-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын 9-cессиясы
2018-жылдын 17-февралы № 9/3
Келишимдик мөөнөтү бүткөн жерлердин суулу, кайракы, бак багытындагы жерлердин баштапкы баасын аныктоо жөнүндө
Ак-Там айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Матказыевдин сунушун угуп жана талкуулап маалыматтардын жыйынтыгы менен Ак-Там айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 9- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Там айыл аймагына тиешелүү жерлерге аукцион өткөрүү үчүн жерлердин күрдүүлүгүнө карата суулу жерлердин баасы 2000 сомдон 3000 сомго чейин, кайракы жерлер 1900 сомдон жана бактар 9 000 сомдон башталып берилсин.
2. Атайын келишимдик негизде алган жерлерге алдын ала 30% өлчөмдө акысын төлөө жана калганын жылдын аягына чейинки мезгилде камсыз кылуу жер ээлерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
Төрага | С.Досалиев |