Загрузка документа…
АК-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын 9-cессиясы
2018-жылдын 17-февралы № 9/4
Ак-Там айылдык аймагында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 6-бөлүкчөсүнүн негизинде айыл чарба багытындагы жана жайыт жерлерин колдонулган жер салыгынын ставкаларын жердин балл бонитетине жараша 3 эсеге чейинки жогорулатуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин 6-бөлүкчөсүнүн негизинде 2018-жылдагы айыл чарба багытындагы жана жайыт жерлерин колдонулган жер салыгынын ставкаларын жердин балл бонитетине жараша 3 эсеге чейинки жогорулатуу боюнча өлчөмүн кароо жөнүндө маселелерди угуп жана талкуулап, Ак- Там айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 9- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Там айылдык аймагында жер салыгынын ставкалары жердин балл бонитетине жараша төмөндөгүдөй бекитилсин
Суулу жер | Кайракы | Бак | Сенокос | Пастбища |
10% | 90% | 100% | 100% | 40% |
2. Ак-Там айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин Ак-Там айылдык аймагындагы Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин 6-бөлүкчөсүнүн негизинде айыл чарба багытындагы жана жайыт жерлерин колдонулган жер салыгынын ставкаларын жердин балл бонитетине жараша 2018-жылдан баштап иш жүзүнө ашырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Там айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн салык инспектору К. Дүйшебаевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
Төрага | С.Досалиев |