Загрузка документа…
АК-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын 9-cессиясы
2018-жылдын 17-февралы № 9/6
Ак-Там айылдык аймагындагы Кыргыз Республикасыны Салык кодексинин 339-беренесинин негизинде 2018-жылдагы айыл чарбасына арналбаган жерлердин салыгын эсептөө үчүн К-3 зоналдык коэффицентин тармактар боюнча өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык кодексине 339-беренесинин негизинде 2018-жылдагы айыл чарбасына арналбаган жерлердин салыгын эсептөө үчүн К-3 зоналдык коэффицентин тармактар боюнча өлчөмүн кароо жөнүндө маселелерди угуп жана талкууга алып, Ак- Там айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 9- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Там айылдык аймагында зоналдык К-3 коэффициенттинин тармактар боюнча 0,3төн 1,2чейинки өлчөмдөрү тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ак-Там айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин “ Ак-Там айылдык аймагында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин негизинде 2018-жылдагы айыл чарбасына арналбаган жерлердин салыгын эсептөө үчүн К-3 зоналдык коэффициентин тармактар боюнча өлчөмүн бекитүү жөнүндө” токтомун райондук “Айыл акыйкаты” гезитине жарыялансын жана жарыяланган күндөн баштап иш жүзүнө ашырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышн камсыз кылуу Ак-Там айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн салык инспектору К.Дүйшөбаевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
Төрага | С.Досалиев |