Загрузка документа…
АК-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын 10-cессиясы
2018-жылдын 19-апрели № 10/1
Жапа-Салды сайга мал ичүүчү суу тартып келүү жөнүндө
Ак-Там айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин башчысынын жана элдин кайрылуусун угуп жана талкуулап маалыматтардын жыйынтыгы менен Ак-Там айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 10- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Там айыл аймагына тиешелүү Ак-Башат участкасынан Как-Суу участкасына суу түтүгун тартууга уруксат берилсин.
2. Суу түтүгүн тартууда атайын күчөтүүчү насосторду коюуну жана жеке менчик короолорго бак кылуу үчүн тартып алууну көзөмөлдөө жайыт комитетине жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сыйтына жарыялансын.
Төрага | С.Досалиев |