Загрузка документа…
АК-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын 12-cессиясы
2018-жылдын 25-декабры № 12/1
Бузуулар тууралуу иштерди кароо боюнча комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасыны Бузулар жөнүндө кодексинин 313-беренесин, КР Өкмөтүнүн 14.04.2017-жылдагы №12-р буйругу менен бекитилген КРнын Жазык кодексин, КРнын Жоруктар жөнүндө кодексин, КРнын Жазык-процесстик кодексин, “Пробация жөнүндө” “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамдарын ишке ашыруу максатында Ак-Там айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 12-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Там айылдык аймактык Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бузуулар боюнча иштерди кароо боюнча Ак-Там айылдык аймактык комиссиясы төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:
Камчыбеков М.М- айыл өкмөт башчысы, комиссия курамыны төрагасы.
Курманбаев А.- аксакалдар кеңешинин төрагасы, комиссиянын орун басары.
Абдукааров Б-жаштар комитети, комиссия курамынын катчысы.
Мүчөлөрү: Досалиев С.А.-айылдык кеңештин төрагасы(макулдашуу менен) Момунова к.Н.-айыл өкмөттүн жооптуу катчысы.
Абдурахманов. М- ардагерлер кеңешинин төрагасы.
Дуйшеналиева Г- аялдар кеңешинин төрайымы.
Токтом www alabuka kg веб сайтына жарыялансын.
Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Там айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Там айылдык кеңешинин соц маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Осмоновго тапшырылсын.
Төрага | С.Досалиев |