Загрузка документа…
АК-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын 13- cессиясы
2019-жылдын 02-июлу № 13/2
Ак-Там айылдык аймагынын бюджетинин 2020-жылга долбоорунун, 2021-2022-жылдарга божомолунун киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн кабыл алуу жөнүндө
Ак-Там айылдык аймагынын бюджетинин 2020-жылга долбоорунун, 2021-2022-жылдарга божомолунун киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча ФЭБ башчынын милдеттин аткаруучу Х.Көчөрбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Там айылдык Кеңешинин кезексиз 20-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Там айылдык аймагынын бюджетинин 2020-2022-жылдарга божомолунун кирешелер жана чыгашалар бөлүгү бекитилсин. (маалыматтар www//minfin.kg порталына жайгаштырылган).
2. 2020-жылга долбоору, 2021-2022-жылга божомолунун кирешелери:
2,1. 2020-жылга долбоор киреше жана чыгаша бөлүгү 14 617 700 (он төрт мил.алты жүз он жети миң жети жүз).
2,2. 2021-жылга долбоор 15 034 100 (он беш мил. отуз төрт миң бир жүз)
2,3. 2022-жылга 15 219 500 (он беш мил.эки жүз он тогуз миң беш жүз)сом болуп бекитилсин.
3. Токтом www.alabuka.rg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтом расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Там айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | С.Досалиев |