Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
№ 7 чакырылышынын 3- отуруму (сессиясы)
2019-жылдын 05-июлу № 7-3/3
“Күңгөй-Кожоке айылынын шагыл маселеси боюнча арызын кароо ” жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Күңгөй-Кожоке тургундарынын шагыл маселеси боюнча арызын айылдык кеңештин депутаттары угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык кеңеш
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Күңгөй-Кожоке тургундарынын арызын карап,канааттандыруу колго алынсын.
2. Кошчан сайынын,Күңгөй-Кожоке жана Чеч-Дөбө айылдарынын үстүндөгү сайлардан алынган шагыл маселесин мыйзамдуу түрдө корутунду чыгаруу айыл өкмөтү жана айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча туруктуу комиссия курамына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
Төрага | М.Тойчуев |