Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-июлу № 7-3/5
“Байыш айылына келген “Аль-Фаида” фирмасы жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Байыш айылынын тургундарынын «Аль-Фаида» фирмасына каршы пикирде жазган арызын айылдык кеңештин депутаттары угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык кеңеш
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Байыш айылынын тургундарынын арызын карап,канааттандыруу колго алынсын.
2. Байыш айылына келген таш майдалоочу кичи ишкана куруу үчүн кирген «Аль-Фаида» фирмасы жөнүндө арызын карап чыгып,мыйзамдуу корутунду чыгарып берүү жагы айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча туруктуу комиссиясынын курамына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | М.Тойчуев |