Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
№ 7 чакырылышынын кезексиз 4- отуруму (сессиясы)
2019-жылдын 27-июлу № 7-4/3
“Күңгөй-Кожоке айылынын шагыл маселеси ” жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Күңгөй-Кожоке айылынын тургундарынын көйгөйлүү маселеси болуп жаткан,шагыл казуу боюнча арызын , айылдык кеңешинин депутаттарынын Күңгөй-Кожоке айылынын шагыл маселеси жөнүндөгү сунуш-пикирин угуп,талкуулап,Н.Исанов айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Күңгөй-Кожоке айылынын тургундарынын көйгөйлүү болуп жаткан,шагыл казуу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын №43 токтомунун негизинде иш алып баруу айыл өкмөтүнүн Жер жана коммуналдык иштер боюнча башкы адисине милдеттендирилсин.
2. Жер казынасын пайдалануу укугуна карата лицензия , райондук комиссиядан уруксат кагазын алуу жолу менен иш алып барылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | М.Тойчуев |