Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
№ 7 чакырылышынын кезексиз 4- отуруму (сессиясы)
2019-жылдын 27-июлу № 7-4/4
“Байыш айылындагы “Аль-Фаида” фирмасы жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Байыш айылындагы Түлкү-Дөбө участкасынан 5,68 га жерди Аль-Фаида ЖЧК ишканасы таш майдалоочу завод куруу үчүн уруксат кагаздарын алып,жергиликтүү тургундардын нааразычылыгынан улам жазган арызынын, , айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирин угуп,талкуулап,Н.Исанов айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Түлкү-Дөбө участкасынан 5,68 га жерге Аль-Фаида ЖЧК ишканасынын таш майдалоочу аппаратын куруу, Байыш айылынын жергиликтүү тургундарынын макулдугу менен иш алып барылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | М.Тойчуев |