Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
№ 7 чакырылышынын кезексиз 4- отуруму (сессиясы)
2019-жылдын 27-июлу № 7-4/5
“Н.Исанов атындагы айыл аймагындагы кен байлыктар ” жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы көмүр кени УСМ «Водстрой» ишканасынын 2014-жылдан берки келишими жана башка лицензиясы бар кен байлыктардын төккөн салыктары,аткарган иштер жөнүндө А.Юлдашевдин билдирүүсүн , айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирин угуп,талкуулап,Н.Исанов айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы УСМ «Водстрой» көмүр кени ишканасынын 2014-жылдан түзүлгөн келишими жана башка лицензиясы бар кен байлыктардын төккөн салыктары,аткарган иштер жөнүндө көзөмөлдөө үчүн комиссия курам түзүлсүн.(Тиркеме тиркелет)
2. УСМ «Водстрой» көмүр кени ишканасынын 2014-жылдан түзүлгөн келишими жана башка лицензиясы бар кен байлыктардын төккөн салыктары,аткарган иштери жөнүндө так маалымат алып,чара көрүү жагы комиссия курамга жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | М.Тойчуев |
Депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык кенешинин 7-чакырылышынын кезексиз 4-отурумунун № 7-4/5 токтомуна № 1- тиркеме
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы кен байлыктарды көзөмөлдөө үчүн түзүлгөн комиссия курамдын тизмеси.
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жер жана коммуналдык иштер боюнча башкы адиси,комиссия төрагасы -А.Юлдашев
2. Айылдык кенештин төрагасы ,комиссия мүчөсү -М.Тойчуев
3. Айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси,комиссия мүчөсү -М.Айдаров
4. Айылдык кеңештин депутаты,комиссия мүчөсү -Н.Жолдошов
5. Айыл кеңештин депутаты,комиссия мүчөсү -М.Ташиев
Жооптуу катчы Н.Атаканова