Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-июлу № 1
“Акназаров айылдык аймагынын 2020-2022-жылдарга түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун кароо жөнүндө”
Акназаров айылдык кеңешинин 31-чакырылышынын депутаттарынын 2019-жылдын 16-июлундагы кезексиз 23-сессиясы Акназаров айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын сунушу боюнча Акназаров айылдык аймагынын 2020-2022-жылдарга түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун карап, талкуулап чыгып
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоору киреше бөлүгү -15082,9 миң сом менен, чыгаша бөлүгү - 15082,9 мин сом менен сунушталсын .
2. 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү- 15875,1 миң сом менен, чыгаша бөлүгү -15875,1 миң сом менен сунушталсын.
3. 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү- 15881,8 мин сом менен, чыгаша бөлүгү -15881,8 миң сом менен сунушталсын.
4. Долбоор баштапкы вариант катары Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигине сунушталсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Акназаров айылдык аймагынын айылдык кенешинин бюджет финансы комиссиясынын төрагасы М.Манасовго жүктөлсүн.
Төрага | Р.Рысматов |