Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-июлу № 2
2019-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүндө каралган акча каражатын жылдыруу жөнүндө
Акназаров айылдык кеңешинин 31-чакырылышынын депутаттарынын 2019-жылдын 16-июлундагы кезексиз 23-сессиясы Акназаров айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын сунушу угуп, талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Акназаров айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы А. Кенебаеванын аталган маселе боюнча билдирүүсү эске алынсын.
2. Билим берүү бөлүмүнүн 2224 статьясындагы 40,0 мин сомдун ичинен -35550 сомду Бала-бакча бөлүмүнүн 2224 статьясына ( көмүр сатып алуу), жылдырылып берилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн бюджетине (справка уведомление) аркылуу тактоолорду жүргүзүү милдети айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Кенебаевага жүктөлсүн.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы финансы комиссиясынын төрагасы М. Манасовго жүктөлсүн.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Р.Рысматов |