Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 12-октябрындагы № 348 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2005-жылдын 19-январы ПЖ № 20
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баштанкы, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттеринин жана окуучуларынын стипендиясынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баштапкы, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттерин жана окуучуларын социалдык жактан коргоону күчөтүү жана материалдык дем беруу максатында жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекет жүзөгө ашырып жаткан этаптык чараларды эске алуу менен токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баштапкы, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттерин жана окуучуларын стипендиясынын өлчөмү 2005-жылдын 1-январынан баштап 30%ке жогорулатылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирилсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
|