Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-февралы № 27-27/6
Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган жумуштарды, кызматтарды аткаруу үчүн, мэриянын ыйгарым укуктарын шаардын муниципалдык ишканаларына берүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри А.Ж.Каниметовдун маалыматын угуп жана талкуулап, жергиликтүү маанидеги маселелердин натыйжалуу жана ыкчам чечилишин камсыз кылуу максатында жана Каракол шаарынын экономикалык өнүгүшүнө дем берүү максатында, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын мэриясынын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган жумуштарды жана турак-жай – коммуналдык кызматтарды көрсөтүүгө ыйгарым укуктары, шаардын муниципалдык ишканаларына: “Жашылдандыруу чарбасы” МИсине, “Жол чарбасы” МИсине, “Каракол көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо комбинаты” МИсине, муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазасына, “Суу түтүк” КИсине берилсин.
2. Муниципалдык буйрутмаларды каржылоо, жергиликтүү бюджеттин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджеттен сырткаркы фонддорунан, келишимдердин негизинде жүргүзүлсүн.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.С.Өскөнбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |