Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-февралы № 27-27/8
№15 орто мектепке Карга Акенин атын берүү жөнүндө
Каракол шаарынын билим берʏʏ бөлʏмʏнʏн жетекчиси В.С.Апышеванын, 2018-жылдын 3-октябрындагы, кир.№01-7/441 катын, №15 орто мектебинин эмгек жамаатынын «№15 орто мектепке Карга Акенин атын берʏʏ» жөнʏндөгʏ кайрылуусун карап жана талкуулап, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын, Карга Акенин ысымын ыйгаруу жөнʏндөгʏ корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын ХХVII сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын №15 орто мектебине Карга Акенин атын берʏʏгө макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигине жиберилсин.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Мамбетов) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине С.С.Өскөнбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |