Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-февралы № 27-27/11
Ысык-Көл областынын сот кызматкерлерине, ведомстволук көп кабаттуу үй куруу үчүн, "Кашка-Суу" кичи районунан жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовдун, 2018-жылдын 5-октябрындагы, кир.№01-7/447 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот департаментине Ысык-Көл областынын соторунун кызматкерлерине, аянты 30 сотых жер тилкесин, "Кашка-Суу" кичи районунан, долбоорлоо жана көп кабаттуу үй куруу үчүн бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот департаментинин Ысык-Көл областтык башкармалыгы төмөнкүлөргө милдеттендирилсин:
- долбоорлону, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, 2008-жылдын 30-майындагы, №252 токтому менен бекитилген Жобого ылайык, Каракол шаарында жерди пайдалануу жана курулуш Эрежелери, Каракол шаарынын шаар куруу регламентин сактоо менен жүргүзүүгө;
-. көп кабаттуу үйдү куруу долбоорун 5 кабаттан кем эмес кылууга;
3. Эгерде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот департаментинин Ысык-Көл областтык башкармалыгы, көп кабаттуу ведомстволук үйдү куруу иштерин 2 жылдын ичинде баштабаса, бөлүнүп берилген жер тилкеси, Каракол шаарынын муниципалдык менчигине, бир жактуу тартипте, Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамына ылайык алынат.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (К.Т.Калмакиев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.С.Өскөнбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |