Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-февралы № 27-27/12
Айрым туруктуу комиссиялардын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин төрагасы Э.А.Айсаракуновдун, айрым туруктуу комиссиялардын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү сунушун карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, социалдык жана дин маселелери боюнча туруктуу комиссиясына, Иманбаев Аскарбек Асангазиевич, А.М. Исламованын ордуна киргизилсин.
2. Унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына, Мажиюн Фарида Багиевна, М.З.Чыныбековдун ордуна киргизилсин.
3. Жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына, Асанбаев Бакыт Мукашович, М.Ө.Сагымбаевдин ордуна киргизилсин.
4. Экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына, Шафигулина Мархаба Шарифовна, А.С.Бараковдун ордуна киргизилсин.
5. Унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына, Бейшембиев Азамат Бейшембиевич, К.А.Ишембиевдин ордуна киргизилсин.
6. Унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына, Арыкбеков Бактыбек Арыкбекович, Э.А.Исмаилакунованын ордуна киргизилсин.
7. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
8. Токтом ММКларда жарыялансын.
9. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Мамбетов) жана биринчи орун басар У.Ж.Иманакуновго жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |