Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-февралы № 27-27/15
“Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкаруулары жөнүндөгү Жобону” жокко чыгаруу жөнүндө
Каракол шаарынын мэри А.Ж.Каниметовдун, 2019-жылдын 8-февралындагы, кир.№01-7/38 катын, Каракол шаарынын прокурору Р.Т.Аманатовдун, 2019-жылдын 28-январындагы, чыг.№11-н/19 сунушун карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXVII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин, 2017-жылдын 27-декабрындагы, №27-18/7 "Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкарууларынын Жобосун бекитүү жөнүндөгү” токтому жокко чыгарылсын.
2. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2015-жылдын 20-октябрындагы, №26-36/4 "Каракол шаарынын муниципалдык аймактык башкаруусу жөнүндөгү Жобону" бекитүү жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2011-жылдын 1-июлундагы, №25-35/3 токтомун жокко чыгаруу жөнүндү" токтому күчүндө калсын.
3. Каракол шаарынын мэриясы, 2019-жылдын 26-мартына чейин, Каракол шаардык депутаттар Кенешинин 2015-жылдын 20-октябрында, №26-36/4 токтому менен бекитилген "Каракол шаарынын муниципалдык аймактык башкаруусу жөнүндөгү Жобону" бекитүү жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2011-жылдын 1-июлундагы, №25-35/3 токтомун жокко чыгаруу жөнүндү" токтому” менен бекитилген Жобону аракеттеги мыйзамдуулукка ылайык келтирсин.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Мамбетов) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.С.Өскөнбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |