Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-апрели № 1
«Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга же башка түрүнө которууга макулдук берүү жөнүндө»
Чон-Алай айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардан мурдагы колхоз совхоз мезгилинде Кыргыз Республикасынын жер кодекси кабыл алынганга чейин трансформация болбостон 2009-жылдын 31-июлуна чейин турак үйлөр курулуп калган суулуу айдоо жер аянттарын которуу (трансформациялоо) үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2018-жылдагы № 512 токтомун аткаруу максатында Чоң-Алай айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 26-сессиясынын кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Чон-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынан 1326 контурдагы 4,45га суулуу айдоо, Кызыл-Эшме айылынан 325 контурдагы 7,01га суулуу айдоо, Жаш-Тилек айылынан 942,948,968,969,967,970,973,976,950 контурларындагы 23,92га суулуу айдоо, Чак айылынан 1058 контурундагы16,13га суулуу айдоо, Кара-Шыбак айылынан 1430,1432,1433,1434,1435,1436,1368 контурларындагы 22,74га суулуу айдоо, Жарбашы айылынан 1170,1172,1168,1178,1169 контурларындагы 21,25га суулуу айдоо, Кулчу айылынан 1104,1107 контурларындагы 11,86га суулуу айдоо, 1096 контурундагы 6,64 га чөп чабынды жер аянттары, айыл аймагы боюнча жалпы:114,0 га жер аянты анын ичинен 107,36 га суулуу айдоо 6,64 га чөп чабынды жер аянттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2018-жылдагы №512 токтомуна ылайык “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Жер участкаларынын тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана аткаруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековго жана айыл өкмөттүн жер адиси З.Исаковго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров |