Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылышынын 26-сессиясынын кезексиз отуруму
2019-жылдын 12-апрели № 2
Жар-Башы айылынын Чий-Арык участкасына мечит курууга макулдук берүү жөнүндө
Чон-Алай айыл өкмөтүнүн Жар-Башы айылынын Чий-Арык көчөсүнүн тургундарынын Чий-Арык көчөсүнө мечит салууга макулдук сураган кайрылууларын талкуулап Чоң-Алай айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 26-сессиясынын кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жар-Башы айылынын Чий-Арык участкасына мечит салууга макулдук берилсин.
2. Жер аянтын тактоо жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөт башчысы Т.Жайчибековго жана жер адиси З.Исаковго милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров |