Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылышынын 26-сессиясынын кезексиз отуруму
2019-жылдын 12-апрели № 1
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн калктуу конуш жерлеринин чек араларын белгилөө жана жалпы жер фондунун инвентаризациялоо боюнча даярдаган материалдарды бекитүү жөнүндө
Чоң-Алай районуна караштуу Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жалпы жер фондунун инвентаризациялоо боюнча «Кыргызмамжердолбоор» институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы даярдаган материалдарын Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттары карап талкуулап 27-сессиясынын кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай районуна караштуу Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жалпы жер фондунун инвентаризациялоо боюнча «Кыргызмамжердолбоор» институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы даярдаган материалдары бекитилсин.
2. Инвентаризациянын жыйынтыгы болгон картографиялык материалдарды, эсептөө ведомосторун даярдап берүү жагы «Кыргызмамжердолбоор» институтунан суралсын жана даярдалган иш кагаздарын өткөрүп алуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров |