Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылышынын 26-сессиясынын кезексиз отуруму
2019-жылдын 13-июну №4
Кулчу айылындагы Чоө-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган жер аянтына «Кулчу» орто мектеби үчүн спорт зал курууга макулдук берүү жөнүндө
Ош областык капиталдык курулуш башкармасынын 2019-жылдын 29-майындагы № 01-5-404 чыгыш сандуу кайрылууларын Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттары карап талкуулап 27-сессиясынын кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кулчу айылындагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган жер аянтына «Кулчу» орто мектеби үчүн спорт зал курууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы «Кулчу» орто мектебинин директору Эгембердиева Ширинге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров |