Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылышынын 26-сессиясынын кезексиз отуруму
2019-жылдын 05-июлу № 4
КР өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чоң-Алай райондук бөлүмчөсүнө машыгууларды өткөрүү үчүн жер бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун КР өзгөчө кырдаалдар министрлигин Чоң-Алай райондук бөлүмчөсүнө машыгууларды өткөрүү үчүн жер бөлүп берүүгө макулдук сурап кайрылган сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттары карап талкуулап 27-сессиясынын кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. КР өзгөчө кырдаалдар министрлигин Чоң-Алай райондук бөлүмчөсүнө машыгууларды өткөрүү үчүн жер бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. КР өзгөчө кырдаалдар министрлигин Чоң-Алай райондук бөлүмчөсүнө машыгууларды өткөрүү үчүн жер участогун тактап тиешелүү жер аянтын бөлүп берүү жагы айыл өкмөт башчысы Т.Жайчибековго жана жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров |