Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылышынын 26-сессиясынын кезексиз отуруму
2019-жылдын 05-июлу № 5
М.Сулаймановдун өз күчү менен өздөштүрүүгө Көк-Жар жана Артылма участкаларынан алган жерине канал куруу үчүн Алтын-Дара сайынан Көк-Жар участкаларынан 6.0га, картошка сактоочу жай куруу үчүн Кара-Шыбак участкасынан 2.0га жалпы 8.0га «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынын жайыт, таштуу жайыт, сай, ар түрдүү жерлер түрүндө турган жер аянттарын ушул эле категориянын курулуш алдындагы жерлер жана каналдар түрүнө которууга макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун Дароот-Коргон айылынын тургуну М.Сулаймановдун өз күчү менен өздөштүрүүгө алган Көк-Жар жана Артылма участкаларындагы жерлерине канал куруу үчүн Алтын-Дара сайынан жана Көк-Жар участкасынан 6.0га, Кара-Шыбак участкасына картошка сактоочу жай куруу үчүн таштуу жайыт эсебиндеги 2,0 га жер аянтын жерлердин башка түрүнө которууга макулдук сураган кайрылуусун Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 28-сессиясынын кезектеги отуруму талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дароот-Коргон айылынын тургуну М.Сулаймановдун Көк-Жар жана Артылма участкаларынан өз күчү менен өздөштүрүүгө алган жер аянтына канал куруу үчүн Алтын-Дара сайынан Көк-Жар участкаларынан «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынын жайыт, таштуу жайыт, сай, ар түрдүү жерлер түрүндөгү 6.0га жер аянтын жана Кара-Шыбак участкасынан картошка сактоочу жай куруу үчүн «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынын таштуу жайыт түрүндөгү 2,0 га жалпы 8.0га жер аянтын ушул эле категориянын каналдар жана курулуш алдындагы жерлер түрүнө Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык которууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөт башчысы Т.Жайчибековго жана жер маселелери боюнча башкы адис З. Исаковго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров |