Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-июлу № 7
Дароот-Коргон айылынын тургуну К.Жайчибекованын жана М.Матаевдин арызын кароо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну К.Жайчибекованын жана М.Матаевдин убактылуу пайдаланып жүргөн жер аянттарын жеке менчик кылып берүү боюнча арызын Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттары карап талкуулап 28-сессиясынын кезектеги отуруму талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-алай айыл өкмөтүнүн убактылуу пайдалануудагы жерлерин Кыргыз Республикасынынын Жер кодексине ылайык аукцион аркылуу гана жеке менчике берүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо, аукцион өткөрүү айыл өкмөт башчысы Т.Жайчибековго жана жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров |