Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылышынын 28-сессиясы
2019-жылдын 05-июлу № 8
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин бүгүнкү күнгө чейин аткарган отчетун угуу максатында жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпанбайды айылдык кеңештин кийинки сессиясына чакыртуу жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун жана Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы Н.Маматназаровдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпонбайдын бүгүнкү күндө атакарган ишмердүүлүгүн кароо жөнүндө кайрылууларын Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттары карап талкуулап 28-сессиясынын кезектеги отуруму талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин бүгүнкү күнгө чейин аткарган отчетун угуу максатында жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпанбайды айылдык кеңештин кийинки сессиясына чакыртылсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана жайыт комитетинде аткарылган иштери тууралуу отчетун берүү боюнча эскертүү жагы айыл өкмөт башчысы Т.Жайчибековго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров |