Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-апрели № 24/1
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Чалма айылдык аймагынын 2019-жылынын чын куран айынын 22-деги №61 буйругунун негизинде, “Кыргызмамжердолборлоо” мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо инстутунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы даярдаган Чалма айыл аймагынын жер фондун инвентарлоо материалдарын карап чыгып
Чалма айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагынын жер фондун инвентарлоо боюнча даярдалган материалдары бекитилсин.
2. Чалма айыл аймагынын жер фондун инвентарлоо боюнча материалдарын, райондун администрациясына бекитип берүүгө киргизүү жагы райондук мамлекеттик администрация башчысынын 2017-жылдын бирдин айынын 13-дөгү №36 буйругу менен түзүлгөн комиссиядан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чалма айылдык Кенешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Кадыркулов |