Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI шайланган) заседаниеси
2019-жылдын 15-майы № 25/1
№1-он алты мандаттуу Токбай-Талаа шайлоо округунан Чалма айылдык кенешинин депутаты Абдыразаков Бакытбек Сагынбаевичтин депутаттык ыйгарым укугун токтотуу жөнүндө
№ 1-он алты мандаттуу Токбай-Талаа шайлоо округунан Чалма айылдык Кенешинин депутаты Абдыразаков Бакытбек Сагынбаевичтин 25.03.2019-жылы каза болуп, өлгөндүгү тууралуу актыларды каттоо китебине 2019-жылдын 23-апрель күнү №5-жазуу жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 24-беренесинин 6-пунктуна негиз
Чалма айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 6-пунктуна негиз, каза болгондугуна байланыштуу №1-он алты мандаттуу Токбай-Талаа шайлоо округунан Чалма айылдык кенешинин депутаты Абдыразаков Бакытбек Сагынбаевичтин депутатттык ыйгарым укугу токтотулсун.
2. №1-он алты мандаттуу Токбай-Талаа шайлоо округу боюнча Чалма айылдык кенешинин депутатынын бош орунуна кезектеги талапкерди каттап, токтомду бекитип берүү жагы Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Төрага | А.Кадыркулов |