ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI шайланган) заседаниеси
2019-жылдын 15-майы № 25/2
Чалма айыл өкмөтүнүн Токбай-Талаа айылынын тургундары үчүн ичүүчү таза сууга болгон төлөмдүн өлчөмүн жана төлөө мөөнөтүн бекитип берүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 14-пунктуна ылайык Чалма айыл өкмөтүнүн Токбай-Талаа айылынын тургундары үчүн ичүүчү таза сууга болгон төлөмдүн өлчөмүн жана төлөө мөөнөтүн бекитип берүү жөнүндөгү «Үч-чат» таза суу муниципалдык ишканасынын сунушун угуп жана талкуулап
Чалма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чалма айыл өкмөтүнүн Токбай-Талаа айылынын тургундары үчүн ичүүчү таза сууга болгон төлөмдүн өлчөмү менчик крандар үчүн бир жылга 1500 сомго, көчөдөгү крандар үчүн ар бир жанга бир айга 10 сомдон белгиленсин.
2. Чалма айыл өкмөтүнүн Токбай-Талаа айылынын тургундары үчүн ичүүчү таза сууга болгон төлөмдүн төлөө мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 25-декабрынан кечиктирбестен белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чалма айылдык Кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Кадыркулов |