Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI шайланган) заседаниеси
2019-жылдын 15-майы № 25/3
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Чалма айыл өкмөтүнүн Токбай-Талаа айылындагы Орто-Талаа калктуу конушуна курула турган орто мектепке Улуу Ата-Мекендик согуштун ветераны, Эл агартуунун отличниги, 3-даражадагы Даңк орденинин ээси Көдөнов Назирбайдын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы географиялык обьектилерди атоо, алардын атын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү» Жобону жетекчиликке алып Чалма айыл өкмөтүнүн Токбай-Талаа айылындагы Орто-Талаа калктуу конушуна курула турган мектепке Улуу Ата-Мекендик согуштун ветераны, Эл агартуунун отличниги, 3-даражадагы Даңк орденинин ээси Көдөнов Назирбайдын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү Токбай-Талаа айылынын 2019-жылдын 10-майындагы өтүлгөн элдик жыйынынын протоколунун чечимине ылайык Чалма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чалма айыл өкмөтүнүн Токбай-Талаа айылындагы Орто-Талаа калктуу конушуна курула турган мектепке Улуу Ата-Мекендик согуштун ветераны, Эл агартуунун отличниги, 3-даражадагы Даңк орденинин ээси Көдөнов Назирбайдын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү Токбай-Талаа айылынын 2019-жылдын 10-майындагы өтүлгөн элдик жыйынынын протоколунун чечими бекитилсин.
2. Чалма айыл өкмөтүнүн Токбай-Талаа айылындагы Орто-Талаа калктуу конушуна курула турган мектепке Улуу Ата-Мекендик согуштун ветераны, Эл агартуунун отличниги, 3-даражадагы Даңк орденинин ээси Көдөнов Назирбайдын ысымы ыйгарылсын жана Токбай-Талаа айылындагы Көдөнов Назирбай атындагы орто мектеби деп аталсын.
3. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын илим жана билим берүү министрлигинен суралсын.
Төрага | А.Кадыркулов |