Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-марты № 27-1
Араван районуна убактылуу берилген жайыттынмөөнөтү аяктап жаткандыгына байланыштуужайытты кайтарып алуу талабы жөнүндө
Ноокат районунун элинин мал-жандыктарынын саны көбөйүп,жайыт тарып,тоолор эрозияга учурап жаткандыгына байланыштуу Н.Исанов атындагы кеңешинин 2019-жылдын 26-мартындагы № 27-1 токтому менен бекитилген ,Араван районуна убактылуу берилген жайыттынмөөнөтү аяктап жаткандыгына байланыштуу жайытты кайтарып алуу талабы жөнүндө айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 19-июнундагы №386 токтомунун 4-пуктуна ылайык ,Араван районуна убактылуу берилген жайыттынмөөнөтү аяктап жаткандыгына байланыштуу жайытты кайтарып берүү талабы Кыргыз республикасынын премьер министрине сунушталсын
2. Араван районуна убактылуу берилген жайыттынмөөнөтү аяктап жаткандыгына байланыштуу жайытты кайтарып алуу талабын Ноокатрайондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Асановго,Жайыт комитетинин төрагасы М.Мамановго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешининдепутаты М.Сыдыковго тапшырылсын..
Төрага | Ж.Нурмаматов |