Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
№ 6 чакырылышынын 27- отуруму (сессиясы)
2019-жылдын 26-марты № 27-8
Кожоке айылындагы аты коюлбаган көчөлөргө ат берүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы кеңешинин 2019-жылдын 26-мартындагы № 27-8 токтому менен бекитилген ,Кожоке айылындагы аты жок көчөлөргө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Мамаев Райым жана эл башында жүрүп,башкарган колхоздун активисти Ташбаев Каракозунун атын берүү жөнүндө тургундардын сунушун,элдик жыйындын чечиминин негизинде,жергиликтүү кеңештин депутаттарынын сунуш пикирлерин эске алып, айылдык кеңеш
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Кожоке айылындагы аты коюлбаган көчөлөргө Мамаев Райым жана Ташбаев Каракозунунатын берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин депутаты М.Сыдыковго жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Нурмаматов |