Загрузка документа…
КӨК-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII- чакырылышынын жыйырма бешинчи кенешмеси
2018-жылдын 26-августу № 25
1.Көк-Ой айыл өкмөтүндө жайгашканына байланыштуу ,Талас областык жана райондук архивдин подоходный налогун мыйзамдын негизинде айыл өкмөтүнө которуу үчүн каржы бөлүмдүн башчысы Жолдошова Р.Э тапшырылсын.
2. Көк-Ой айылдын кун батыш тарабындагы “Асель” бала-бакчанын тундук тарабындагы Ж.Маматбеков көчөгө трасформатордук подстанциянын орнотуу үчүн 4- кв.метр бөлүнүп берилсин( жооптуу жер боюнча башкы адис Арыкбаев А.К.)
3. Көк-Ой айыл өкмөтүнө караштуу К.Момункулов атындагы “Таш-Төбө” орто мектебинде жайгашкан Манас лицейдин 2019-2020 жылга пайдалануу үчүн электроэнергияны бюджеттин эсебинен, акча каражат каралган жок тууралуу эскертме берилсин.(жооптуу ж\к- К.Аширалиев).
4. Айыл өкмөтүнүн 6-айдын бюджетинин аткарылган иштери боюнча маалыматы 20.08.2019-жылы кайра каралсын.
5. Көк-Ой айылдын тургуну –Койчукулова Гулзат Шекербековага арызын негизинде эки бойрогу ооруганына байланыштуу жана гемодиализке дарылануу максатында эркин каражаттын эсебинен жардам иретинде 66.000 сом акча каражат каралып мыйзамдын негизинде тиешелуу мекемеге акча которулуп берилсин.
6. Айылдын ичинде тазалыкты сактоо үчүн атайын тиешелуу жерлерге –табличка орнотуу максатында, эркин каражаттын эсебинен 64.000 сом акча каражат каралсын жана мыйзамдын негизинде тендерге жарыя берилсин жана жоопкерчилик муниципалдык ишкананын башчысы- Карабаев Дж.А тапшырылсын.
7. Көк-Ой айыл өкмөтүнө караштуу малчылардын майрамын өткөрүү үчүн эркин каражаттын эсебинен 20,000 сом акча каражат каралсын.
8. Ү.Субанов көчөсүндөгү жаны ачылат турган бала-бакчага ошондой эле айылдын өнүгүү социалдык экономикасына, зор салым кошкон үчүн Көк-Ой айылдын тургуну Эркинбекова Айымбүнүн ысымы ыйгарылсын.
9. Көк-Ой айыл өкмөтүнө тиешелуу “ Жениш” стадиондун тегерегин ондоп түзөө, курчөө үчүн эркин каражаттын эсебинен – 250.000 сом акча каражат каралсын.
10. Көк-Ой айылынын , Манас көчөсүндө жайгашкан “Кыргыз почтасына ” тиешелуу 2247.84 м.кв жер участогу мөөнөтсүз пайдаланууга берилбесин.
11. Айыл өкмөтүнө караштуу жайыт комитетине Кен-Кол, Суусамыр жайлоосундагы жолдорду ондоп түзөө үчүн эркин каражаттын эсебинен 65.000 сом акча каражат каралсын.
12. Айыл өкмөтүнө караштуу кырмандын түндүк тарабындагы, фондун жерине жайгашкан “Билайын” компаниясы кайсы мыйзамдын негизинде подстанция орноткон тууралуу тактоо иретинде жер боюнча башкы адис Арыкбаев А.К тапшырылсын.
13.Ширдакова Бурушбугө мыйзамдын негизинде , там салганга участок берүү үчүн жер боюнча башкы адис Арыкбаев А.К тапшырылсын.
12. Токтомдун аткарылышы жана көзөмөл жагы айыл өкмөт башчы Кушубеков А.А тапшырылсын.
Төрага | М. Аширалиев |