Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-майы №1
Талапкерди сунуштоо жөнүндө
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын жыйырма төртүнчү сессиясында, Бакай-Ата районунун аймагында “Бакай-Ата райондук Таза Суу” муниципалдык ишканасы уюштурулуп жаткандыгына байланыштуу “Бакай-Ата райондук Таза Суу” муниципалдык ишканасынын кош негиздөөчүлүгүнө Миң-Булак айыл аймагынын атынан талапкерди сунуштоо боюнча маселени карап чыгып, талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Бакай-Ата районунун аймагында “Бакай-Ата райондук Таза Суу” муниципалдык ишканасы уюштурулуп жаткандыгына байланыштуу ишканасынын кош негиздөөчүлүгүнө Миң-Булак айыл аймагынын атынан Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Джаныбеков Бакытбек Осконович сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Т.Койчубаев |